super.kg logo

Жалал-Абад ооруканасында эсине келбей жаткан 2 жашар кыздын атасы андан кабар алып, дары-дармек сатып берди

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында оор абалда жаткан 2 жашар кыздын атасы бейтапканага келип кабар алды. Бул тууралуу кыздын апасынын жанында жардам берип жүргөн Каныкей Азаматова билдирди.

Анын айтымында, кыздын атасы келип, кызынын абалы менен таанышып, дары-дармегин алып берип кеткен.

Ал эми облустук оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов кыздын абалында жылыш болбой жатканын айтты. "Кыздын атасы ушундай окуяга кызы дуушар болуп калганына күнөөсү бар экенин моюнуна алып жатат", - деди Муратов.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланууда. Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата эмес эле ХХХХ го.Байкуш кызды чарчап калды деп жазыштыго.Ушуга чейин келсен бир жерин тушуп калат беле.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-21 13:26:46
21.05.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар бироого кор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: