Мбаппе ПСЖдан кетээрин кыйытты
"Пари Сен-Жермен" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе жакынкы аралыкта клуб алмаштыраарын кыйытты.Жекшембиде Мбаппе жыл ичиндеги Франция чемпиондугунун мыкты оюнчусу наамына ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземинде футболчу алдыдагы максаттары менен бөлүшүп жатып:
"Мен өз карьерамдагы биринчи же экинчи чоң өзгөрүүгө жакындап келе жатам. Бул жерден көп нерсени үйрөндүм жана өзүмө дагы көбүрөөк жоопкерчиликти алуу мезгили келди деп ойлойм. Мунун баары "ПСЖ" клубунан ишке ашат деп үмүттөнөм. Бирок башка жерде да ишке ашышы мүмкүн", - деп билдирди Мбаппе.
Айрым маалымат булактарында "ПСЖ" Мбаппени мадриддик "Реалга" кетирбөө үчүн жылына 40 миллион евро сунуштаганы тууралуу маалыматтар тараган. Жыйынтыкталган сезондо франциялык форвард биринчи лигада 28 беттеш өткөрүп, 32 гол жаратууга жетишти. Анын клуб менен келишими 2022-жылдын жай айларына чейин түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:00
2025-11-07
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(4)
Bale1111
20.05.2019. 18:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы оюнчу чыкты реалга өтсө абдан жакшы
Dembele84
21.05.2019. 03:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bale1111,реалда ХХХХ барбы
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-21 09:06:17
Kantana
20.05.2019. 19:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Псждан кетсе дордойго келип ойноп кетсин 1 сезон
Bale1111
20.05.2019. 23:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kantana, Дордой 40 млн эвро төлөй албайт да төлөгөн ченде деле келбейт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















