Парижде Эйфель мунарасына чыгып алып, секирүүгө аракеттенген киши куткарылды
Парижде Эйфель мунарасына чыгып алып, ал жактан секирүүгө аракеттенген киши куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында орун алган. Анда өз жанын кыюуга аракеттенген жаран мунаранын баш жагына чыгып алган.
"Аталган жаран тосмолордон өтүп, мунаранын үстүнкү кароо аянтынын астына карманып туруп алган. Ал болжол менен 300 метр бийиктикте болгон. Бир нече саат бою темирге карманып турган киши акыры куткаруучулар тарабынан жерге түшүрүлгөн. Анын бул кадамга баруусуна эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.