super.kg logo

Красноярскта 3 айлык баласы катуу ыйлаганы үчүн аны ыргытып, баш мээси шишип кеткиче ооруканага кайрылбай жүргөн аялга кылмыш иши козголду

 

Красноярскта 3 айлык баласы катуу ыйлаганы үчүн аны күч менен диванга ыргытып, баш мээси шишип кеткиче ооруканага кайрылбай жүргөн аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя февраль айында эле болгон. Анда 30 жаштагы Березовский айылынын тургуну баласынын ыйлаганына чыдабай аны диванга күч менен ыргыткан. Натыйжада бала башы менен дивандын жыгач кармагычына тийип, баш сөөгү сынып кеткен.

"Бирок эне кылыгын жашыруу максатында 2 ай ооруканага кайрылган эмес. Ымыркайдын баш мээсинде шишик пайда болуп, кетпей койгондо гана ооруканага келген. Дарыгерлер ымыркайдын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынганы аныкталган. Ага дароо операция жасалган, учурда анын абалы канааттандырарлык. Анын энесине кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан сырткары аны энелик укугунан ажыратуу маселеси каралууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2019. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба тооба ХХХХХ 3 айлык бобок эмнени тушунмок эле
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-21 13:27:45
21.05.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтууу эжелер синдилер силерден сураныч баланы карай алам бага алам десенер торогуло бекер эле балдар кор болуп жатат бала бакыт кулот ыйлайт ошентип чонойуп да калат тороп алып анан кор кылбагыла. Бала бироого зар бироого кор болуп атат. Негизи эле ойлондурат да кантип кичинекей периштени урат? Россияны эле айтып жаткан жокмун жалпы Кыргызстанды да айтып жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: