Москвада апасы бейтапканага таштаган кичинекей кыз социалдык мекемеде жашай турган болду
Москва шаарында апасы бейтапканага таштаган кыз социалдык мекемеде жашай турган болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада медициналык жайдын ичине белгисиз аял кызын таштап, изин жашырып кеткен. Издөө иштеринин алкагында кыздын энеси табылып, ал мындай жоругун энелик милдетин аткара албай калгандыгы менен түшүндүргөн.
"Учурда кыз ооруканада, ал жактан чыгарылгандан кийин убактылуу социалдык мекемеде баш калкалайт. Кыздын андан кийинки тагдырын тиешелүү мекемелердин кызматкерлери чечет. Учурда аны менен күнүгө психолог жана социалдык кызматкерлер сүйлөшүүдө. Буга чейин кыздын апасы сот залынан коё берилген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.