super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жарандардын чыры чек ара аймагында жайгашкан көрүстөндөн улам чыккан

 

Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургундары менен Тажик чек ара кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуу көрүстөндүн айынан чыккан. Бул маалыматты Кара-Бак айыл өкмөт башчысы Тургунбай Нышанбаев тастыктады.

Анын айтымында, кечээ, 20-майда кыргыз тарапка тийиштүү көрүстөндүн шаймандары сакталган сарайдын ичине Тажик чек арачылары кирип, жамгырдан корголоп турушкан. Муну көргөн кыргыз тарап аларды чыгарып салган.

"Бүгүн эртең менен айылда бир киши каза болгон. Ал эми көрүстөн такталбаган чек ара аймагында жайгашкан. Мындан улам биздин айылдын тургундары көр казууга барышса, тажик тараптын чек арачылары киргизбей коюшкан экен. Түшүнбөстүктү эки элдин тең тийиштүү кызматкерлери келип чечишти. Негизи чек арага жаңы аскерлер келсе ушундай түшүнбөстүктөр жаралып турат. Себеби алар эл ары-бери өтүп турарын же жер такталбаган аймак экенин билбей калышат", - деди айыл өкмөт башчы. Учурда абал тынч.

Буга чейин Чек ара кызматы эки элдин ортосундагы кайым айтышуу сарайдын сынган каалгасынан улам чыккан деп маалымат тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.05.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Такталбаган жер эмес биздин жер деп айтсанар жылдан жылга Тажик Узбектердин жерлери чонойуп эле баратат а биздики болсо кичирейгенден кичирейип эле баратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: