super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн барган цементти чек арадан өткөрбөй жатат

 

"Өзбек тарап бир жумадан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган цементти өткөрбөй жатат" деп бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди.

"Түштүк тарапта цементти сыртка чыгаруу үчүн өндүргөн заводдор көп. Учурда өзбек тарап Кыргыз өлкөсүнөн барган цементти өткөрбөй жатыптыр. Эгер маселе чечилбесе, ишканалардын иши токтоп калат. Жагдай эмнеден улам чыкканын аныктоо керек. Бул жерде жөн гана "болду, өткөрбөйм" деген тыюу болуп жатат", - деди депутат.

Буга экономика министри Олег Панкратов: "Бул жагдай бир жумадан бери уланууда. Учурда Өзбекстандын элчиси менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер маселе чечилбесе, делегация жөнөтүп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтабыз", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: