Украина: Экс-президент Петро Порошенкого кылмыш иши козголду
Украинанын Мамлекеттик териштирүү бюросу экс-президент Петро Порошенкону өлкө чыккынчылыгына айыптап кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган бюронун басма сөз кызматы маалымдады.Мамлекеттик бюро белгилегендей, кеп 2018-жылдын 25-ноябрында Кара деңизден Азов деңизине Керчен кысыгы аркылуу өткөн Украинанын аскердик кемелери жөнүндө болуп жатат.
Арызды экс-президент Виктор Януковичтин администрация башчысынын орун басары Андрей Портнов калтырган. Анын айтымында, Порошенко өлкөнү башкарып турганда украиналык моряктарды Керчен кысыгына жиберип, аларды садага чапкан.
2018-жылдын ноябрында Украинанын 3 аскердик кемеси "Керчен кысыгында Орусия Федерациясынын чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөн" деген жүйө менен украиналык 24 аскерди Орусия соту камакка алган. Орусиянын президенти Владимир Путин окуяга украин бийлигинин шайлоо алдындагы провокациялык иш-аракети катары баа берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5
5
Комментарийлер(1)
Zhoro
22.05.2019. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларда кол тийбестик жокпу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















