Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалды
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.Маалым болгондой, Атаханов бүгүн, 21-майда Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди.
"Иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Атаханов кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2025-11-19
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жээнбековту тез арада кетириш керек. Жээнбеков Атамбаев болбосо кайда журот эле. АША азамат. Убагында коп иштерди жасаган.
Атамбаев молодец.