super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанындагы аялдамада унаа оңдоп жатышат

 

Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанындагы аялдамада унаа оңдоп жатышат. Бул тууралуу Соңку кабардын "Элдик кабар" рубрикасына байланышкан окурман билдирди.

Анын айтымында, базардын четинде жайгашкан унаа оңдоочу жайларга келген унаалардын көптүгүнөн айрым учурларда жолдор да тосулуп калат.

"Базардын четиндеги жолдо катарынан унаа оңдоочу жайлар жайгашкан. Айрым учурларда жолго унаалар толуп, өз үйүбүзгө кире албай калабыз. Тиешелүү кызматтар эмнени карап жатышат? Унааңды бир мүнөткө токтото калсаң жол тескөөчүлөр дароо келип, олчойгон айып пулду салып кетишет. Буга окшогон унаа оңдоочу жайларды эмнеге антип көзөмөлдөшпөйт? Аялдамага коомдук транспорттор токтойбу же унаа оңдолобу?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
22.05.2019. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бузулса ондойт та
22.05.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ruslan-bel-oruk, бузулса остановкада оңдойбу?
Остановкадан 15 метр алыс туруп алып каалаганын кылсын, а то маршрут күткөн адамдарга тоскоол жаралат, маршрут жолго туруп калса пробка пайда кылат..
22.05.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайберген базарынын тегереги бардак. Ушунчалык кир, чан, Жудогон жашоочулар, жудогон жаш балдар. Бак дарак жок, жашоочулар эс алчу жай ЖОК. Жаш балдар ойногонго Бир дагын жай Жок. Социалдык обьект курула турган жерлер баары сатылган Жана ошол жерлердин ээси Кудайберген базарынын ээси Эльвирочка ээээлеп алган. Аны текшерген эч ким жок.
22.05.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мэр Кудайбергкн базарын жизнь порядок кылбайт. себеби Кудайбергендин ээси Элвирочка Мэрдин КАРЫНДАШЫ.
22.05.2019. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тормоз дөңгөлөк алмаштырып жатат
22.05.2019. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайберген,Дордой,Келечек базарынын айланасы ото бардак,дордойдун айланасындагы кочолор уйлор, чан баскан кочо, кыскасы ужас
22.05.2019. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле автобус маршруткага токтогонго жер жок эн туура ушуну чондор бир карап койсонор болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: