2100-жылы Лондон менен Нью-Йорк шаарлары суу астында калышы мүмкүн
АКШлык жана улуу британиялык окумуштуулар 2100-жылга чейин деңиз деңгээлинин канчалык көтөрүлүшүн изилдеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.Маалыматка ылайык, жакынкы 80 жылда абанын орточо температурасы 5 градуска өсүшү күтүлүүдө. Мындай абал деңиз деңгээлинин 62 сантиметрден 238 сантиметрге чейин көтөрүлүшүнө алып келип, жыйынтыгында 187 миллион адамга туура келген 1,79 миллион чарчы метрге жакын кургактык суу астында калат.
Суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө Гренландиядагы мөңгүлөрдүн эриши негизги себеп болот. Ошондой эле Антарктиданын чыгыш жана батыш бөлүктөрүндө туруксуз абал пайда болушу мүмкүн. Окумуштуулар белгилегендей, мындай өзгөрүүлөр негизинен АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнө кедергисин тийгизет. Мындан сырткары Европанын жана Азиянын айрым өлкөлөрүнө да жетиши мүмкүн. Жалпысынан жээктерге жакын жашаган 500 миллион адам жер которуп, болуп көрбөгөндөй миграциялык агым пайда болору күтүлүүдө.
Илимпоздор мындай кубулуштардын алдын алуу үчүн атмосферага чыгарылган зыяндуу заттардын, таштандылардын көлөмүн азайтуу керектигин белгилешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(10)
keba300989
22.05.2019. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан ошондо 2100-жылы өнүгөт экенбизда
Erik2018
22.05.2019. 09:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозуң май Кыргызстан өнүгө турган дагы ири алтын доор келет. Азыр өнүгүп жаткан өлкөлөрдө байлыктын запасы, нефти, ж.б баары түгөнөт биздин тоолор былк эте элек сууларыбыз бир жакшына
Omush94
22.05.2019. 09:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Erik2018,тоолорду кытайлар оодарып алтынын алып бүттү, боз ала чаң эч нерсе өспөгөн ээ талаада калабыз, бул кетиште жашай турган болсок
AykaMer
22.05.2019. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХХХ бербегилечи өзүңөрдү алаксытып.Дүйнөнү суу басат деп жатат,демек кыямат кайым жакындаганы жатат... Мөңгү,муздар эрисе суу каптайт да...
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-22 10:53:15
Kyrgyz_bloger
22.05.2019. 14:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдагы кыямат,мындай нерсе болуп эле турат,азыркы суулардын деле астында канча шаарлар калып кеткен.
warcaw
22.05.2019. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир гана АЛЛАХ билет келечекте эмне болот эмне болбойт!!!
Adi010891
22.05.2019. 17:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лондонду 2008-жылы эле суу астында калат деп атышкан, кана калганы? Окумуштулар деле эптеп урдура берет окшойт
Dembele84
22.05.2019. 22:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул нерсени изилдеп чыккан окумуштуулар 2100-жылы наркы дуйнодо болот,ошон учун именно ири шаарларды суу каптайт деп бир оздорун корсотуп койолу дептир да,2100го чейин ким бар ким жок деп
Wold
23.05.2019. 02:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84, Туура айтасың ага чейин итак деле Кыямат башталып баары жокту суу каптайт, убагы келип калды)).
KYRGYZ_bolson_BRAT
23.05.2019. 11:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы Ыссык колдун астында Чигу деген шаар болгон дешет...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















