super.kg logo

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 11 жаштагы окуучуну унаа сүзүп кетти

 

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-май күнү саат 18:30да болгон. Анда Жантөшов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасы мектеп окуучусун сүзүп алган.

"48 жаштагы К.Д. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц унаасы менен Байтик баатыр көчөсүнөн түштүктү көздөй бара жатып, Жантөшев көчөсүндө кырсыкка кабылган. Ал эми ошол учурда окуучу өтмөктөн өтүп бара жаткан. Кырсыктан улам 11 жаштагы бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2019. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочу соройлор силерге кайрылам. Зебрага келгенде ылдамдыгынарды азайтып, киши отуп баратса откоруп ийгилечи, малга окшоп адырандап кете бербей!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: