super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Бүгүн же эртең ким камалат деп жашап калдык"

 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрдин бажасынын баласынын айлыгын ачыктаган "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангуловго коркутуулар тыйылбай жатканы айтылды.

Депутат Кенжебек Бокоев "өлкөдө бүгүн же эртең ким камалат деп жашап калдык. Укук коргоо органдарына "мыйзамды тебелебей иштерди карагыла" деп айтар элем" деген оюн билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов "мурда Жамангулов иштеп кеткен компанияларга, бизнестерине текшерүү жөнөтүү туура эмес. Ушуну көзөмөлгө алып, Акылбек Жамангуловдун өзүнөн да сурап койсоңуздар" деп өкмөткө кайрылды.

Депутат Жанар Акаев Жамангулов коррупциялык схеманын алдын алганын билдирди. "Биз, депутаттар, ага жардам бердик. Коррупциялык схемаларды ачкан адамдарга эч кандай куугунтук болбошу керек. Жамангуловду каматам деген адамдар Финполициянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин жөнөтүп, жасалма маалыматтарды чогултпасын. Депутаттык комиссия бул иш боюнча аягына чыгышы керек, бул нерсе өкмөт башчылары үчүн чоң сабак болот", - деди Акаев.

Буга чейин 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.

Ал эми Рысалиев "Мегакомдун" башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык" деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: