super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-МАЙ: Айымдардын жүрөгүн тез багындырган "EXO" тобунун лидери Сухо 28 жашка толду

 

"EXO" тобунун лидери Сухо 28 жашка толду. Ал 1991-жылы 22-майда Сеул шаарында туулган. Өзүнүн аты - Ким Жун Мён. Атасы жогорку окуу жайында профессор, апасы үй кожойкеси. Өзүнөн 4 жаш улуу агасы бар. Сухо мектепте да, университетте дагы мыкты окугандардын катарында болгон.

Сахнадагы аты: Сухо - "коргоочу" дегенди түшүндүрөт
Мүнөзү:
Сылык мамилеси, кайсы бир ишке көңүл коюу жагынан үлгү боло алат
Билими: Кореядагы улуттук искусство университетин артыкчылык менен бүтүргөн
Кесиби: Актёр
Билген тили: Корей, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт
Хоббиси: Велосипед тебүү, тасмага тартылуу, гольф ойноо
Жакшы көргөн тамагы: Суши
Жактырган тасмасы: "Кариб деңизиндеги пираттар"
Жактырган сабагы: Саясат таануу
Идеалдуу кыз: Китепти көп окуган, чачы узун кыздарды жактырат.

Сухо 2006-жылы SM Entertainment агенттигине тандалып, ырдоо, бийлөө боюнча сабак ала баштаган. Ал жакта чогуу жүргөн досторунун көбү дебют жасаганда депрессияга кабылганын айтканы бар. 6 жылдан кийин гана "EXO" тобунун 9-мүчөсү катары кошулуп, дебют жасаган.

Топтун мүчөлөрү "Суходо ханзаада синдрому бар" деп айтып келишет. Ал жылмаюусу менен айымдардын жүрөгүн тез багындырат.

Топтогу ырчылардын катарында сериалдарга тартылып жүргөнү менен, бул тармактагы дебюту 2015-жылы "Биз нур чачкан күн" ("Акыркы чекитке чейинки саякат") тасмасында жасалган. Бул фильм Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда да көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы тасма кинотеатрлардан коюлуп, билеттер 15 мүнөттө сатылып кеткен. Андан кийин "Нан, кандайсың?" аттуу сериалда башкы каармандын ролун аткарган.

"EXO" тобунун күйөрмандары кумиринин туулган күнүндө жер тилкесин сатып алып, дүйнөдөгү ири шаарларда чоң сүрөттөрүн илип, журналдар аркылуу куттуктап өзгөчө белек бергенди жакшы көрүшөт. 2017-жылы Сухонун туулган күнүндө анын Түркиядагы 135 күйөрманы кан тапшыруу боюнча донор болушкан. Быйыл Твиттерде #KIMJUNCOTTONDAY хэштеги популярдуу болуп, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыкты. Дүйнө жүзү боюнча күйөрмандары Сухону туулган күнү менен куттуктап жаткан кез.
22-майдын жылнаамасы.





EXO - Overdose

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
07.09.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Можете добавить клип exo - love me right??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: