super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өкмөт Казакстандан арзан бензин албай, Орусиядан кымбат баада сатып алууда"

 

"Бүгүнкү күндө биздин күйүүчү майдын баасы менен Казакстандагы күйүүчү майдын айырмасы 15 сом, бирок өкмөт кымбат баада Орусиянын күйүүчү майын алууда. Анан кантип аткезчиликти токтотобуз?" деп бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

"Эмне себептен күйүүчү майды Казакстандан алуу боюнча бир жылдан бери кол коюлбай жатканын өкмөттү чакырып угуу керек. Орусияда кымбат болсо, Казакстанда арзан болсо, алар "алгыла" деп жатса, эмне себептен өкмөт келишим түзбөй жатат? Атайын кол койбой, өкмөт аткезчиликке жол берип жатат. Аткезчиликтин айынан миллиарддаган акча бюджетке түшпөй калып жатат", - деди депутат.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргыз өлкөсүндө АИ-92 бензиндин литри 38-42 сомдон сатылып жатса, Казакстанда 26-28 сомдон сатылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: