Депутат пенсия курагына жетпей каза болуп калган жарандардын акчасы эмне болорун сурады
Депутат Марлен Маматалиев пенсия курагына жетпей каза болуп калган жарандардын акчасы эмне болорун сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү өкмөттүн алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Санжар Мукамбетовдон өлкө аймагында канча жеке фонд бар экенине кызыкты.
Мукамбетовдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндө 1 пенсиялык фонд иш алып барат, анда 2 миң 123 адам бар.
Депутат: "Мугалим 10 миң сом айлык алса, 2 пайыздан төлөсө, бир жылда 2 миң 400 сом болсо, 40 жылда 96 миң сом болуп жатат. Пенсияга чыккандан кийин бир алса, балдарына өткөрсө жана айлап алууга болот деп айттыңыз. Эгерде пенсия курагына жетпей каза болуп калса, акчасы кандай болот?" - деп сурады.
"Бул систем 2010-жылдан бери иш алып барууда. Негизги сумма жыл сайын 2 пайыздан киреше таап турат. Мындай учурда пенсиясын неберелерине калтыруу мүмкүнчүлүгү бар", - деди Мукамбетов.
Маматалиев: "Ал жакка эмне себептен эл өтпөй жатат? Анткени ишенбей жатат. Эл биздин акчаны сактап калат деп ишениши зарыл. Муну элге түшүндүрүү керек", - деди.
Жыйында “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.








1 |