super.kg logo

"Апамдын махабаты" телесериалынын каармандары 15 жылдан кийин

 

2004-жылы кыргыз кино дүйнөсүнүн катарын күнүмдүк турмуш менен махабат темасын баяндаган "Апамдын махабаты" аталышындагы сериал толуктаган. Бул сериалда башкы каармандардын образын Айжан Акылбекова, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Бекболиев, Жамиля Сыдыкбаева жана Шайыр Касымалиева жараткан. 15 жыл аралыгында актёрлор кандай өзгөргөнүн сиздерге сунуштайбыз.

Айжан Акылбекова (Жибек)

Сериалда Жибектин ролун жараткан Айжан Акылбекованы калың элге актриса катары тааныткан дал ушул "Апамдын махабаты" сериалы болгон. Ал учурда 3 баланын энеси. Акылбекова "Замандаш" бирикмеси менен партиясынын негиздөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновго турмушка чыккандан кийин карьерасын жыйынтыктаган. Азыркы учурда ал коомдук иштерге активдүү катышып, жеке ишкердик менен алектенип келет.


Асылбек Өзүбеков (Санжар)

Ал эми жаш селкиге ашык болгон Санжардын образын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков жараткан. Актёр, обончу Өзүбеков азыр 61 жашта. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын жетектеп келет. Чыгармачылыктан сырткары багбанчылык менен да алектенет.

Жамиля Сыдыкбаева (Сейил)

Жибектин апасы Сейилдин ролун Кыргыз Республикасынын Эл артисти актриса Жамиля Сыдыкбаева жараткан. Жакында эле актрисанын 70 жылдык юбилейи белгиленди. Актриса 1972-1979-жылдары Ош кыргыз драма театрында иштеп,1979-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келет. 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын алган.

Ошондой эле Сейилдин жаш кезин аткарган актриса Таалайкан Абазова да эсиңизде болсо керек. Тасманын сюжетинде аны айылга апасына учурашканы келгенде ой-боюна койбой Жибектин атасы ала качып алат. Көшөгөнү жулуп, чачы саксайганча аялдар менен алышкан Абазова ала качууга кабылган кыздын ролун ийине жеткире аткарган. Таалайкан Абазова - актриса, мурдагы маданият министри, режиссёр Алтынбек Максүтовдун жубайы, үч баланын апасы. Ал “Кентавр”, “Сүтак”, “Свет аке”, “Асман алдында”, “Таранчы” аттуу тасмаларга тартылып, бул тасмалар көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татып келет.

Эгемберди Бекболиев (Аскар)

Аскардын образын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Эгемберди Бекболиев аткарган. Ал бүгүнкү күндө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Режиссура жана актёрдук чеберчилик" кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет.

Шайыр Касымалиева (Медина)

Санжардын жубайы Мединанын образын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева жараткан. Шайыр айым азыркы учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенет жана көркөм тасмаларга продюсерлик кылып келет.

Азиз Мурадиллаев (Бакыт)

Мындан тышкары Жибектин агасы Бакыттын ролун актёр Азиз Мурадиллаев ойногонун көпчүлүк эле эстеп кала бербесе керек. Ошол кездеги кыздардын жүрөгүнөн орун ээлеген актёр Мурадиллаев учурда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. Ошондой эле "Дем" театрынын дагы мүчөсү. Ал канчалык деңгээлде өзгөргөнү төмөндө.
Көпчүлүк кыргыз тасмаларына суусап турганда күнүмдүк турмушту чагылдырган, кабыл алууга жеңил, кызыктуу тартылган телесериал өз учурунда, өз мезгилинде жарык көрүп калды. Сериал тууралуу эмнелер эсиңизден чыга элек жана кайрадан эстей аласызбы? Анда шилтеме аркылуу өтүп, тест толтурсаңыз болот.






"Апамдын махабатындагы" каармандар 15 жылда кандай өзгөрдү?

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
22.05.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен картайыпмын булар картайбаптыр
23.05.2019. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz,:)))))
22.05.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жамиля Сыдыкбаева 70 чыккандай корунбойт ко
22.05.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,айтпа,ката жазып алышкан жокпу?
23.05.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777, "1948-жылы 27-декабрда Жети- Өгүз районунун Кытай айылында төрөлгөм". Актрисанын маегин толук окугуңуз келсе, бул шилтемеге баш багыңыз: https://www.super.kg/article/?article=13885
22.05.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскардын жаш кези. Керезчи?
23.05.2019. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Керез Улан Айбек жонундо жазбайт беленер буларлы инстадан кечке коробуз
23.05.2019. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын ичинен эң эле жакшы жакка өзгөрүп, чыныгы жашоосун Айжан Акылбекова тапты.
23.05.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асхат кана
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: