super.kg logo

"Убактылуу кармоочу жай курорт эмес". ИИМ Шамиль Атахановдун даттануусуна жооп берди

 

Кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук борбор убактылуу кармоочу жайда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановго убагында дары-дармектер берилген эмес деп маалымат тараткан.

Маалыматта жазылгандай, Шамиль Атаханов мурда 2 жолу инфаркт алгандыктан алдын ала дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп алууга кызматкерлер уруксат берген эмес.

"Атахановдун жактоочусун ал чакырткан убакта киргизбей коюшкан. Ошондой эле анын кийимдери жана дары-дармектери бүгүн эртең менен гана кирген. Ал эми эртең Биринчи Май райондук сотунда Атахановдун баш коргоо чарасы каралат", - деп билдирди аталган борбор.

Ал эми бул маалыматка карата Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө жооп берди.

"Шамиль Атаханов башка жарандар менен бирдей укукта жана шартта камалууда. Эгер анын денесинде көк ала тактар убактылуу кармоочу жайга киргенге чейин болгон болсо гана өткөрүлөт. Тилекке каршы, убактылуу кармоочу жай курорт эмес.

Нөөмөттөгү кызматкерлер кармалып турган жарандардын ден соолугун сурап турушат. Эгер жарандардын оорусу күчөп баштаса же катуу ооруп калса "Тез жардам" кызматы чакыртылат. Ал эми жактоочусун ал чакырткан убакта кирбей калды деген туура эмес маалымат. Биз жактоочуга эртең мененки саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин кирип жолугууга уруксат бергенбиз. Ал эми төшөнчүлөр убагында берилген жок деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.

Шамиль Атаханов кечээ, 21-майда камакка алынган.

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.05.2019. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баары эле сразу ооруп калышат, баягы эле карапайым эл эчжери оорубаган
22.05.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курорт болбосо Батукаев кантип чыгып кетти?????
22.05.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камалганы бир, ооруганы эки, кылганы уч. Айран ичкен кутулуп, жалаганы тутулуп деген ушул да. Жооп бербешке айла жок.
23.05.2019. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 миңдеген долларды жегенден кийин жооп бериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: