Жеңилдетилген ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктү 6 пайызга чейин кыскартуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды
Бүгүн, 22-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык үстөгүн жылдык 6 пайызга чейин кыскартуу маселесин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев баяндама жасады. Бүгүнкү күндө 13 өнөктөш банк аркылуу 4 миллиард 6 миллион сомдон ашуун суммага 4 миңден ашык ипотекалык насыя берилген. Ал эми насыялар боюнча пайыздык үстөктөр жылдык 7-9 пайызга чейин кыскарган.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган компания тиешелүү мамлекеттик органдар бюджеттен тышкары каржылоо булактарын тартуу жана катышуучулардын санын көбөйтүү аркылуу "Арзан турак-жай" программасын мындан ары да өркүндөтүүнү камсыз кылууга тийиш. "Мамлекеттик ипотека тутуму чындап арзан болушу керек жана бюджеттик тармактын гана эмес, калктын бардык категорияларын камтуу боюнча маселелерди чечүү кажет. Насыялар боюнча үстөктөрдү жылдык 6 пайызга чейин кыскартуу, аларды берүүнүн айрым шарттарын кайра карап чыгуу, жеңилдетилген насыя мөөнөтүн узартуу маселесин кароо, айыл жерлеринде насыя алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарыл", - деди премьер-министр.




