Өткөн жылы мамлекеттик сатып алуулардын өлчөмү 70 миллиард сомду түзгөнү айтылды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылы мамлекеттик сатып алуулардын өлчөмү 70 миллиард сомду түзгөнүн айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Ар бир өлкө биринчи кезекте ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт. Ошондо бюджетке түшкөн акча ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө натыйжалуу жумшалат. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына ички эмгек ресурстарын жана жергиликтүү сырьёну колдонгон ички ташуучулардын товарларына жана кызматтарына 20 пайызга чейин милдеттүү жеңилдиктерди берүү ченеми киргизилген. Дагы бир маанилүү учур – мурда товар сатып алуу же кызматтарды көрсөтүү процессинде каражаттарды үнөмдөө башкы максат болсо, эми сапат негизги ролду ойнойт. Мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугуна жетишүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп сатып алууну пилоттук режимде киргизүү пландалууда. Республикада өндүрүлбөгөн дары-дармектерди ташыган ири компаниялардан тышкары ортомчу компаниялар болбошу керек. Репутациясы күмөн санаткан компаниялар менен кызматташпоо зарыл", - деди Абылгазиев.




