Орусияда нур терапия учурунда аппарат бузулуп калып, бейтаптын башын кыпчып калды
Орусиянын Воронеж шаарында нур терапия учурунда аппарат бузулуп онкологиялык диспансердин бейтабы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-майда болгон. Анда Воронеж облустук онкологиялык диспансердин бейтабын нур терапия аппаратынын көтөрүлмө механизми иштен чыгып аялдын башын кыпчып калган.
"Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүнү дайындады. Учурда иликтөө жүрүп, окуянын чоо-жайы аныкталууда. Нур терапия аппараты Чехияда 2006-жылы чыгарылганы маалым", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Sprite

23.05.2019. 12:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым баарыбыз ден соолук,ооруулууга шыпа бер.Байкуш аял.
adi_ko.kg

23.05.2019. 23:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
өкүнүчтү
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.