super.kg logo

Президент ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы уюм түзүлгөн мезгил ичинде ЖККУну мындан ары өркүндөтүү жана дареметин бекемдөө багытында максаттуу иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи. Кыргыз мамлекетинин уюмга төрагалыгынын алкагында мурда жарыяланган жол улоочулукту сактоого багытталган приоритеттер ырааттуу илгерилетүүдө. "Кыргыз өлкөсү алдыга коюлган милдеттерге жетишүү, ошондой эле жалпы биздин жамааттык коопсуздукту бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо", - деди Жээнбеков.

Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө ЖККУ аймагында абалды туруксуздаштыруу коркунучу сакталууда.

"Ооганстандын түндүк провинцияларында жана Жакынкы Чыгышта террордук уюмдардын жогорку активдүүлүгү ЖККУ өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү талап кылууда. Тажик-Ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу боюнча чечимдерди кабыл алуу олуттуу мүнөзгө ээ. Биргелешкен аракеттерди көбүрөөк талап кылган багыттарда жамааттык аракеттерди бириктирүү маанилүү болуп саналат. Бул контекстте ЖККУ алкагында мамлекеттик чек араларды кайтаруу чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Андрей Дапкюнас, ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сөз сүйлөштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: