Депутат: "Окуучуларды 9-класстын базасында медициналык колледждер кабыл албайт. Бул боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу керек"
"Кыргыз мамлекетиндеги колледждердин баары окуучуларды 9-класстын базасында кабыл алат, эмнегедир медициналык колледждер кабыл албайт" деп бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.
Ал өкмөттүн 9-класстын базасында окуучулар кабыл алынбасын деген токтому бар экенин айтты. "Тактап көрсөк, алар балдардын жаш курагын шылтоо кылышат, бирок анын негизи жок. Менин оюмча, бул жерде балдардын кесип тандоо укугу чектелип калган. Ошондуктан өкмөт өзүнүн негизсиз чыгарган токтомун жокко чыгарышы керек. Биз кечээ эле балдардын 9-класстан кийин билим алуусун улантуусуна шарт түзө турган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин талкууладык. Алардын каалоосуна жараша атайын кесиптик билим берүү демилгесин депутаттар, анын ичинде өкмөт өкүлдөрү да колдоду. Демек, сен тигил кесипти танда, бул кесипти тандоого укугуӊ жок деп жаштардын кесип тандоо укугун чектөөгө болбойт. Медицинанын башка кесиптерден эч кандай деле артыкчылыгы жок", - деди депутат.










1 |