Депутат Токтогул районунун атайын фондунун акыркы үч жылдагы ишин текшерүү керектигин билдирди
Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште депутат Мирлан Бакиров Токтогул жергесиндеги 33 миӊ гектар жер суу сактагычка берилип, 43 адам башка жерге көчүрүлгөнүн эске салды.
"Мындан улам ошол кенемтени толтуруу үчүн Токтогул районунун атайын фонду түзүлүп, ага жыл сайын бюджеттен 70 миллион сом которулуп турат. Тилекке каршы, ал фонддун тегерегинде нааразычылыктар арбын. Ошондуктан анын акыркы үч жылдагы ишине тийиштүү баасын берүү менен, нааразычылыктарга чекит коюу зарыл. Муну тармактык комитет мамлекеттик органдар менен бирге текшерип көрүшү керек. Жергиликтүү тургундардан кайрылуу түшүүдө. Алардын айтымында, Токтогул районунун атайын фондун бир үй-бүлө мүчөлөрү башкарып, каражат башаламан жумшалат экен. 70 миллион сом аз каражат эмес, фонддун акыркы үч жылдагы ишине иликтөө жүргүзүп, каражаттын кайда жана кандай максатта жумшалып жатканын тактоо зарыл. Эгерде каражат өз багытында жана жергиликтүү калктын пайдасы үчүн жумшалып жатса, анда анын жетекчилерине сыйлык бериш керек. Эгерде каражат кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына гана жумшалып жатса, анда жетекчилерине тийиштүү чараларды көрүш керек", - деди депутат.






1 |