"Бизнесиме тоскоол болуп жатат". Ысык-Көлдөгү Теплоключенка айыл өкмөт башчысы менен ишкер аялдын чыры








Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы "Ак-Суу Кенч" эс алуу жайынын ээси Чынара Урманаева өлкө башчыга, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына видеокайрылуу жасаганын SUPER.KG порталына билдирди. Ишкер өзүнүн кайрылуусунда эс алуучу жайга жергиликтүү бийлик жана айыл жаштары тарабынан бут тосуулар болуп жатканын айтат.
"Ак-Суу Кенч" эс алуу борборун 2016-жылдан бери куруп келем. 20 сотых жер тилкени 2011-жылы жеке адамдан кызыл китеби менен сатып алгам. Борборду куруу үчүн 2016-жылы Кыргыз-Орус өнүгүү фондунан туризмди өнүктүрүү боюнча насыя да алгам. Өткөн жылдын июль айында эс алуу жайы иштеп баштады. Ошондон баштап айыл өкмөтү жана айыл жаштары менен түшүнбөстүктөр болууда. 2018-жылы Теплоключенка айыл өкмөт башчысы Талант Көбөнбаевге убактылуу мөөнөткө ижарага жер бөлүп берүү маселеси менен кайрылгам. Себеби ал жерге биз боз үйлөрдөн турган чакан этношаарча жана ажайып кооз жаратылыштын коюнуна бассейн куруу планыбыз бар болчу. Жер маселеси менен айыл өкмөтүнө кайрылгандан бери ал адам айыл жаштарын каршы күч катары колдонуп, биздин ишке бут тосуп жатат.
Айылда Чыңгыз, Анвар деген балдар бар. Алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган экен, ошолор эс алуу жайына келип, күндөн-күнгө талаптары өзгөрүп, акча, акысыз эс алууну талап кылып, ар кандай сөздөр менен коркутууда. Мен 7-майда башка жумуштарым менен жүрсөм айыл өкмөт башчы 40-50 баланы эс алуучу жайга алып келип, өз билемдик менен башаламандык уюштуруп, эс алуучуларга коркунуч туудуруп, андан соң эс алуучу жайды жаап кетиптир. Мындай нерсе мыйзамда дагы болбосо керек. Ал жерде ишкерлерди жергиликтүү бийлик колдоп, жардам берсин деп жазылган. Биздин айылда бул иш тескерисинче болуп жатат.
13-майда айылдын жаштары чогулуп, массалык маалымат каражаттарын ээрчитип келип, биздин эс алуучу жай тууралуу туура эмес маалыматтарды таратышты. Алардын айтымында, биздин бассейндердеги саркынды суулар Ак-Суу суусуна куюлуп жатыптыр. Бирок мен бул жакка жылуу сууну Бириккен Ысык-Көл облустук ооруканасы менен келишим түзүп анан алып келем. Саркынды суулар суу тазалоочу жайларга барып куюлат. Борбор ачылган кезде экотехинспекциядан, санэпидемстанциядан жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түзүлгөн комиссия келип текшерип кетишкен. Ошондой эле саркынды суулар Ак-Суу суусуна куйбайт. Мамлекеттик жаратылышты коргоо агенттиги менен түзүлгөн дагы келишимим бар. Ошондой эле маал-маалы менен Ак-Суу суусу текшерилип турат. Бассейндердин суулары атайын түтүктөр менен суу тазалоочу жайларга куюлат", - дейт Урманаева.
Урманаева өлкө башчыга жергиликтүү бийликтен колдоо албаганын айтып, бут тосууларды жасаган адамдарга чара колдонуп берүүнү суранган.
SUPER.KG порталы Теплоключенка айыл өкмөт башчысы Талант Көбөнбаевге бул суроолор менен кайрылганыбызда буларды айтты.
"Буга Ак-Суу эли нааразы болууда. Элдин аракети бассейндерден чыккан саркынды сууну тазалоочу жай куруп, Ак-Суу суусуна зыян келтирбөө. Буга чейин бул жакта жайгашкан эс алуучу жайлардан чыккан кир суулар Ак-Суу суусуна куюлуп келген. Былтыр жазы менен тиешелүү комиссия ишти текшерип чыккан, бирок жыйынтыгы чыккан эмес. Ошондон улам Ак-Суу эли 1-2 адамдын кызыкчылыгы үчүн бир канча жашоочу кир суу ичеби деп кайрылып жатышат. Бул жакта Чынара Урманаеванын бассейни гана сөз болуп жаткан жок. Бул айылда 5 бассейн бар. "Өмүр", "Арашан" сыяктуу. Биз баарына кайрылып убактылуу иштерин токтотуп жатабыз.
Ал эми жер тилкесин берүү боюнча айтсам, алар ижарага алгысы келген жайларга эс алуучу жай салууга болбойт. Бул мыйзамга дагы ылайык келбейт. Ал сактала турган жерлер, жаратылыш. Мен аларга берип койсом башым менен тийиштүү жакка жооп берем да. Мындай арыздардан улам мен дагы тийиштүү жерлерге кайрылуу жасап жатам. Азыр ушул иш боюнча комиссия түзүлүп, иштеп баштады. Алардын жыйынтыгын күтүүдөбүз. Биз эс алуучу жайдын ээлеринен болгону саркынды сууларды тазалоочу жай куруп, элге зыян келтирбөөнү гана талап кылып жатабыз", - деди айыл өкмөт башчы Көбөнбаев.
Чынара Урманаева болсо айыл эли бассейндердин иштеп жатканынан нааразы болуп жатат деген пикирге кошула албай турганын айтты.
"Саркынды суулар эч кандай Ак-Суу суусуна куюлган жок. Айыл эли дагы нааразы болбой эле. Болгону айыл өкмөт башчынын кылып жаткан иши. Мага Чыңгыз, Анвар деген балдар 4 жолу келип коркутуп кетишти. Башкача айтканда, түшкөн кирешенин бир канча пайызын алар менен бөлүшүп турушум керек экен. Мен макул болгон жокмун, ошондуктан эс алуучу жайыма суу бербей, иштей албай отурам", - деди Урманаева.
"Ак-Суу Кенч" эс алуу жайынын ээсинин өлкө башчыга кайрылуусу








1 |