super.kg logo

Көрүүнү лазердик коррекциялоо: көрүүңүздү 15 мүнөттө калыбына келтиребиз!

 

Көз айнек сизге абдан жарашса дагы, аны кийбей койгуңуз келет. Ал эми көздү ыңгайсыз, кургап калгандай кычыштырып жаткан контакттык линзаларчы! Көз айнектен жана контакттык линзалардан баш тартып, дүйнөнү даана көргүсү келген адамдарды кубанта турган жаңылык – КӨРҮҮНҮ ЛАЗЕРДИК ЫКМА МЕНЕН КОРРЕКЦИЯЛООГО болот. Бул алысты көрбөө, жакынды көрбөө жана астигматизм ооруларын айыктыруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

Эч ооруну, ыңгайсыздыкты сезбестен 15 мүнөттүн ичинде көз айнектен кутула аласыз: сиздин көздөрүңүздү техникалык жабдылышы жана хирург-офтальмологдорунун профессионалдык деңгээли боюнча Кыргызстанда аналогу жок “Офтальмологиялык лазердик борбордо” “жаңыртып” беришет! Албетте, кайсы гана болбосун клиниканын негизги баалуулугу – дарыгерлер. Клиникада ысымдары дүйнөгө таанымал болгон дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, катаракталык жана рефракциялык хирургдардын Европадагы ассоциациясынын (ESCRS) мүчөлөрү Ким Владимир Ухенович жана Ремесников Игорь Александрович операцияларды жасашат. Өзгөчө сыймыктана турган - инновациялык операциялык жана диагностикалык жабдуулардын мүмкүндүктөрү алдыдагы келечек жөнүндө фантастикалык фильмдерди эсибизге салат.

“Офтальмологиялык лазердик борбордогу” бардык операциялык жана диагностикалык жабдуулар - дүйнөлүк лидерден алынган жана “жапжаңы”, башкача айтканда, эң акыркы муундагы лазерлер! Мисалы, бейтаптар көрүүнү лазердик ыкма менен коррекциялоого чейин акыркы муундагы Oculyzer II жана TopoLyzer VARIO (WaveLight AG Германия) диагностикалык аппараттарында текшерүүдөн өтүшөт. Мындай жабдуу Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында колдонулат. Бул деңгээлдеги жабдуулар, атүгүл, кыргызстандык медтуристтер жактырып баруучу Түркиянын жана Индиянын бардык эле офтальмологиялык клиникаларында жолуга бербейт. Ошол эле убакта бул өлкөлөрдө дарылануу кымбатыраак турат.

Көрүүнү лазердик коррекциялоого чейинки бул эки изилдөө – көрүүнү лазердик коррекциялоонун коопсуздугун жана тактыгын жеткиликтүү камсыздоонун эки эселенген диагностикалык контролу болуп саналат. Бейтаптын көзүнүн түзүлүшү жөнүндө алынган бардык маалымат локалдык интеграциялуу тутум боюнча операциялык лазерге берилет. Адамдын ар бир көзү бармактардын издери сыяктуу уникалдуу жана кайталангыс болгондуктан көрүүнү лазердик коррекциялоо учурунда “көздөрдү алмаштырып алуу” сыяктуу жаңылыштыктардын болушу эч мүмкүн эмес. Эгерде операциялык лазерге “башка көз” туш келип калса, болгону, акылдуу техника иштебейт.


Лазердик коррекцияга 10 мүнөткө жакын убакыт талап кылынат. Клиникада болуунун жалпы убактысы – бир саатка жакын жана бейтап ошол эле күнү үйүнө чыгарылат. Негизгиси, көпчүлүк учурда операциядан кийин бейтаптын көрүүсү дароо толугу менен калыбына келе баштайт. Лазердик коррекциялоодон кийин дарылоонун натыйжасы өмүр бою сакталып кала берет!

Өзүңүз көргөндөй, жогорку деңгээлдеги офтальмологиялык жардамды алуу үчүн чет өлкөгө баруунун зарылдыгы жок. Ал жардамды “Офтальмологиялык лазердик борбордон” алууга болот. Көрүүңүздү жакшыртуу жөнүндөгү кыялыңызды создуктурбай ишке ашырыңыз, ошондо дүйнөнү кайрадан өз көзүңүз менен көрөсүз!

Дареги: Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, (мурдагы Тынчтык проспекти) 299/1.

Биздин байланыш: 0312 97 60 07, 0704 00 91 93, 0559 013 025, 0770 099 100

E-mail: info@olc.kg Сайт: www.olc.kg @olc_bishkek, Fb@olc.kg

ОЛЦнын пациенттеринин пикирлерин www.olc.kg сайтынан жана YouTube, OLC Bishkek каналынан караңыз. https://www.youtube.com/channel/UCTbQeT74huJL-7JY7_qQSiw


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
23.05.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баалары кандай болду экен?
23.05.2019. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairhai,бир көз,35мин сом деп,уккам,
23.05.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы кандай экен
24.05.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60000 сом коррекция. Операцияга чейинки текшерүү 3000 сом
24.05.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатканда да, тамактанганда да, көчөдө да и туалетте да соткада олтурган адамдарга миллион жолу даарыласан дагы, бул жардам бербейт го, биздикилерге телефон жанынан артык.
24.05.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыттын отушу менен коз мурдаагы калыбына келип калат,ашып барса 5 жыл коз айнексиз журдум,ошол аралыкта телевизорсуз уйдо жашап,жонокой телефон менен журдум.
Биринчи операциядан чыккан кунутим эле укмуш км наарыны туптунук коруп.Мен Алматыда жатасаттым эле.
24.05.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы очкиден аябай тажадым, жакшы окшойт е же кийинчерээк козго зыяны тийиши мумкунбу? Акчасы дагы оной эмес экен.
24.05.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora Саламатсызбы. Операциядан кийин 5 жыл отуп козунуз кайра жаман коруп калдыбы Жооп бергениз учун рахмат
24.05.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begzat1988, Операцияга чейин бир көзүм -7,экинчиси -8 болчу, операциядан кийин -1 болду, азыр бирөөсү -3, бирөөсү -4.Коррекция бул коздун карегин тешуу деп тушундургон врач.Коррекциядан кийин башка көздүн көрүүсүн жакшыртуу учун башка операция жасатканга шанс жок болот.
24.05.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасатыштан корком негизи.Коррекция кылдыргандан кийин торобош керекпи ошондо?ыссыка жакындабаш керек дешет.
24.05.2019. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitra-, Төрөсө болот,только кесерова жолу менен.Коррекция жасатпасан деле кесерова менен төрөгөнгө аракет кылыш керек, баарыбир көзгө күч келип, көрүү начарлайт.Ыссыка? 6 айдан кийин жакындаса болсо керек,мен нан жаап эле жүргөм тандырга, көп эмес кээде гана жапчуу элек нан.
25.05.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Sumitra-,Мен 2010-жылы Бишкектен эле коррекция жасатканмын Исманкуловго. Турмушка чыгып, кесоревасыз эле 2ни тороп, кадимкидей тандырга нан жаап, телефон, планшетти тытып эле журом. Кудайга шугур эч артка кетуу болбоду. Он козум - 9,сол козум-7,5болчу.
25.05.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көздү эч качан операция кылдырбагыла. 70% адамдарда көрүүнү кайра калыбына келтирсе болот. 10-15 жылдан бери дайыма компютерде олтуруп иштечүмүн. Мурда көрүүсү өтө курч болчу жумуштун зыяны менен-3 түшүп калды. Азыр ал жумушту таштап айылдамын. Комп. Ж.а тел. Алысмын. Жакында текшерткенде -0.5 -1 болуп калыбына келди жарым жылда. Интернетти карасаңар көздүн упражнениялары бар. Ошол упражнения гана жардам берет
bekiw.801 түзөттү 2019-05-25 10:38:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: