Тарых музейи боюнча иликтөө соңуна чыкты
Мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК кылмыш ишинин материалдарын прокуратуранын кароосуна жөнөттү. Андан ары иш сотко өтмөкчү.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:
- Премьер-министр Сапар Исаков;
- Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
- Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
- Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
- Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
- "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.
Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан. "Курулушту ишке ашырган уюмдар же тендер өткөрүүдө айрым мекемелер тарабынан жасалган кандайдыр бир бузуулардын болгонун жокко чыгарбай туруп айтканда, булар өлкөгө керектүү чечимдер болгон. Мен дайыма өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ак иштегем", - деген Исаков.


1 |