Акыркы коңгуроодо мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо тиешелүү органдарга тапшырылды
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн жайкы эс алууну уюштуруу боюнча республикалык штабынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышты. Ал ар бир облуста балдар лагерлерине жолдомолорду бөлүштүрүү комиссияларын түзүүнү тапшырды. "Мында жашоо-шарты оор жана өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган балдарга басым жасоо керек. Эки жумалык мөөнөттө бардык балдар лагерлерин изилдеп, алардын жайкы сезонго даярдыгын текшерүү зарыл. Балдардын сапаттуу жана коопсуз эс алуусу үчүн бардык күчтөрдү жумшоо шарт. Көл жана көлмөлөр жээгинде жайгашкан балдардын эс алуу жайларында коопсуздукту камсыздоо, өрт коопсуздугун уюштуруу жана тийиштүү окууларды өткөрүү маанилүү", - деди ал.
Алтынай Өмүрбекова акыркы коңгуроо салтанатынын алдында мектептерде жана Балдарды коргоо күнүндө балдар жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоону тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.




