УКМК "Атамбаевдин иш бөлмөсүндөгү тыңшоочу жабдууларга тиешебиз жок" дейт






"Форумда" экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу жабдуулардын орнотулушуна УКМКнын тиешеси жок. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
"Айрым саясатчылар өздөрүнө пиар жасаш үчүн атайын кызматтардын дарегине негизсиз айыптарды тагууда. "Форумдун" өкүлдөрү тиешелүү мекемелерге кайрылууга укугу бар, УКМК өз кезегинде жардам көрсөтүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столдо КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов "Форумда" тыңшоочу жабдуулар коюлганын айтты. "Форумда" биз бир электрик менен иштешчүбүз. Кийин ал УКМКнын кызматкерлери менен кызматташып келгени аныкталды. Ал "Форумда" тыңшоочу аппарат койгон. Ал жерде экөө коюлган. Анын бири Алмазбек Атамбаевдин, экинчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөсүнө коюлмак. Бирок "Форумдун" техникалык кызматкери бул тууралуу билдирип, аны өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган адам мажбурлаганын билдирген", - деди Турдукулов.






1 |