super.kg logo

УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столду үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болду

 

Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столду бир нече жолу үзгүлтүккө учуратуу аракети болду. Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары сөз алган учурда "Антитеррор" кыймылынын өкүлдөрү сөз талашып, ар кандай кыйкырыктары менен жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи.

Өзүн аталган кыймылдын өкүлү катары тааныштырган Алексей Толмачев жана Ильдар Биккинин өз пикирин билдирип жаткан ар бир тегерек столдун катышуучусунан сөз талашып, айрымдарынын дарегине ар кандай сөздөрдү айтып жатышты.

Тегерек столдун модераторлору тарабынан сөз берилген учурда Ильдар Биккинин УКМКнын же ФСБнын кызматкери эмес экенин айтты. "Эгер далилдей алсаңар далилдегиле. Буга чейин Динара Ошурахунова менен Рита Карасартова ЦРУнун расмий сайтына бийликти басаңдатуучу кыймылдын өкүлү деп чыккан. Бул жерде элдин өкүлдөрү отурган жок. Силер буга чейин ИИМ реформалансын деген талаптарды айткансыңар. Анын жыйынтыгы эмне болду? Ал аракеттер ИИМдин бузулушуна алып келди", - деди Биккинин.

Ал эми Толмачев тегерек столдун жүрүшүндө талкууланган нерселер туура эместигин айтып, ага каршы экенин ачык билдирип, ар кандай кыйкырыктар менен сөз бербей жатты.

Тегерек столдун катышуучулары "Антитеррор" кыймылынын өкүлдөрүнүн аракеттери УКМК тарабынан атайын уюштурулганын айтышты.






УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столду үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: