super.kg logo

Ошто унаа 35 метр бийиктиктен дарыяга кулап, айдоочу, келин жана 2 жүргүнчү каза болду

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жеңил унаа бийиктиктен кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-май күнү Кара-Кулжа районунун Сай-Талаа айылында катталган.

"Аталган райондун Кызыл-Жар айылынын 28 жаштагы тургуну Н.А. башкарган УАЗ унаасы жолдон чыгып кетип, Тар дарыясына 35 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Мындан улам айдоочу, анын жубайы М.А. жана дагы 2 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми 29 жаштагы М.К. аттуу жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ошондой эле маркумдардын жакындары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.05.2019. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сай-Талаа деген айылды биринчи угушум, УАЗ болгонуна караганда Алайкуу жак окшойт го
25.05.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул жер жанагы төө ашуудан түшө бериш жер окшойт. Мурунку мал базардын жаны
26.05.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai,каяктасын тоо ашуу??? Кырсык да жалан жаш жигиттер отуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: