super.kg logo

Британияда келинчек үлпөт тойго аз кошумча алып келгендерден акча доолаган

 

Тоюна аз кошумча алып келген кесиптешинен акча доолаган келинчек тууралуу постту британиялык Сейи Акивово аттуу аял Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Окуяны Daily Mail басылмасы жарыялады.

Кесиптешинин үлпөт тоюна чакырылган Сейи Акивово тойго катышуу үчүн Британиядан Румынияга жол арытып барган. Ал тойго курбусун ээрчитип, экөөнүн жол киресине, ал жактагы жашаган жатаканасына өзү төлөгөн.

"Той ойдогудай өттү, көңүлдүү, шаңдуу отурдук. Маараке жакшы уюштурулган экен. Ал тургай конокторго баштыктарга салынган белектер да таратылды. Тойдун жүрүшүнө чейин жубайлар белекке ар кандай буюмдарды эмес, акчалай эле каражат бергиле деп эскертиптир. Алар белектерди үйүнө ташып отуруудан зериккендиктен акчалай алган ыңгайлуу деп түшүндүрүштү", - деп жазган Акивово.

Автор курбусу экөө той өтүп жаткан жер айыл жери болгондуктан эсеп картасынан акча алуу үчүн банкомат таппай коюшкан. Экөө жанындагы болгон акчасын чогултуп, 25 евро беришкен. Кыз кесиптешине кийинчерээк чоңураак белек сатып берип коём деп ойлогон.

Лондонго кайткан Сейи Акивово келинчектен ачуулуу кат алган. "Сага биздин үлпөт той абдан жаккан окшойт, бирок бизге берген кошумчаң кантет? Орточо дегенде бизге коноктор 100 евродон кем эмес каражат беришти. Силердин жеп-ичип кеткениңер 25 еврого татыды деп ойлойсуңбу? Биз той өткөн жердин ижарасын да төлөй албай калдык, чыгым болдук. Мага дагы кошумча 100 евро которуп койгунуң!" - деп жазган келинчек.

Мындан кийин Сейи Акивово кесиптеши менен мамилесин үзгөн. "Зыкым кесиптешим жолдошу менен жашап жатат. Жакында эле балалуу болушту. Бирок мен мурдагыдай мамиледе эмесмин", - дейт ал.

Твиттердеги бул билдирүүнү колдонуучулар кызуу талкуулашкан. Көпчүлүгү "үлпөт той түнкү клубда өткөн туулган күн эмес да. Конокторго кантип ушундай сый көрсөтсүн?!" деп сындашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
25.05.2019. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мени да бир жолу тойго чакырды. Саат ушунчада, ушул күнү, киши башына 2500 сомдон деп. Ачууландым, чыдасаң чакыр деп. Мен конок катары барсам кааласам 10 сом белек берем, же 10000 же такыр бербейм. Бул коноктун өз иши. Той ээси жыйымдан түшкөн акчага кафени төлөйм деп мындай оюу пастыкка барбасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: