Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген адам Бишкекке алынып келди

Маалыматка ылайык, шектүү Асанэмир Абыкулов 22-майда Москва шаарынан алынып келинген.
"22-майда аба транспортундагы атайын конвой менен мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 36 жаштагы Токмок шаарынын тургуну Асанэмир Абыкулов Москва шаарынан алынып келинип, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди. Аталган жаран 2018-жылдын январь айында Орусия Федерациясы менен Кыргыз өлкөсүнүн күч органдары тарабынан бирдиктүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкектен, Абыкулов менен Насруллаев Орусиядан кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.