"Кыргыз көмүр" ишканасынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздаган механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында "Кара-Кече" көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу кечээ, 24-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов белгилегендей, жыл сайын көмүр казуу көлөмү көбөйүп жатат. "2013-жылы казуу көлөмү 1 миллион 425 миң тонна көмүрдү түзсө, 2018-жылы 2 миллион 3 миң тоннага жеткен. Республиканын бюджеттик уюмдарына, Бишкек ЖЭБине ата мекендик көмүрдү ташууда оңдуу натыйжалар бар. Эгерде 2016-2017-жылдары күз-кыш мезгилине 385 миң тонна көмүр жеткирилсе, 2018-2019-жылдары 600 миң тонна, 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине 740 миң тонна катуу отун ташуу пландалууда", - деди ал.
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев маалымдагандай, акыркы 5 жылда ишкана тарабынан көмүр казуу көлөмү 63 миң тоннадан 460 миң тоннага чейин көбөйгөн, 2019-жылы 550 миң тонна казуу күтүлүүдө.
Абылгазиев белгилегендей, "Кара-Кече" көмүр кенин комплекстүү өздөштүрүү облусту экономикалык өнүктүрүүнү шарттап, жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлине таасири тиет.
Премьер-министр республиканын жана региондун кызыкчылыгында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздаган конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.




