Депутат автоунааны ишеним катсыз айдоо укугун жоюу сунушталып жатканын айтты
24-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев эл арасында жол кыймыл эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогору болгондуктан нааразычылыктар көп болуп жаткандыгын айтты.
Анын айтымында, аталган айып пулдар жөнөкөй элдин маянасына туура келбейт. "Айрым жол кыймыл эрежелерин бузууларда айып пулдар негизсиз эле коюлуп калгандай. Фракция тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда 10 күн ичинде төлөй турган болсо айып пулдун 25 пайызын, 20 күн ичинде төлөй турган болсо 50 пайызын, 30 күндө төлөй турган болсо 100 пайызын төлөө белгиленген. Ошону менен катар автоунааны ишеним катсыз айдоо укугун жоюу, айдоочулар бейбаштык кылып жол эрежелерин бузган учурда айып пулдун өлчөмүн кескин жогорулатуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталып жатат", - дейт ал.













1 |