Бишкекте 23 жаштагы кызды сабап, уурдаганга шектелген жаран кармалды
Бишкекте 23 жаштагы кызды сабап, уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы кыздын эжеси укук коргоо органына арыз менен кайрылган. Анда 20-майда саат 23:40 чамасында белгисиз жаран кыздын колуна кишен тагып, сабап, унаасына салып кеткени айтылат. Милиция кызматкерлери арыз түшкөн күнү эле кылмышка шектүү адамды кармаган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.