Мыйзамсыз соода жана контрафакт маселеси талкууланды
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Жаштар контрафактка каршы. Мыйзамсыз соода жана ага байланыштуу көрүнүштөргө карата мамиле" темасындагы жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Казакстандын соттор кеңешинин, Евразиялык экономикалык союзунун сотунун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусунун өкүлдөрү катышты.
Жыйында “Жаштар бренди. Беларусь жаштарынын контрафакттык продукцияга жана мыйзамсыз соодага болгон мамилеси” деп аталган республикалык социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары каралды.
Мындан сырткары контрафакттын коркунучу, белгилүү бренддердин жасалмалуулугу, интеллектуалдык менчиктин укуктук корголуусу, сапатсыз медициналык жасалгалоолордун жана препараттардын ден соолукка болгон коркунучу деген маселелер көтөрүлдү.




