super.kg logo

Эл аралык издөөдө жүргөн казакстандык олигарх Мухтар Аблязов Франциядан кармалды

 

Казакстандык саясатчы жана миллиондорду капчыгына салып өлкөсүнөн качып кеткен ишкер Мухтар Аблязов 31-июль күнү Франциянын түштүгүндөгү Ница шаарынан кармалды. Кармалган учурда анын жанында Гаухар аттуу карындашы бар болгон. Аблязовдордун жактоочусунун айтымында, Орусиябы, Украинабы же Казакстанданбы, кайсы өлкөдөн аны кармоо боюнча сунуш түшкөнү азырынча белгисиз. Мухтар Аблязов Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, ошондой эле БТА банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон. БТА банкы Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин, 2009-жылы ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аблязов буга чейин Казакстанда каржылык махинация иштери боюнча айыпталып, соттук иликтөөлөр башталары менен ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, андан соң изин жашырып жүргөн. Ушул жылдын май айынын аягында анын аялы Алма Шалабаева жана 6 жашар кызы Алуа Италиядан Казакстанга депортацияланган. Эске салсак, июнь айынын аягында Аблязов Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы паспорт алгандыгы да маалым болгон. Июль айынын башында Аблязов өзүнүн интернет баракчасына Кыргызстандын паспортун албаганын жазып, "менде Кыргызстандын жаранын тастыктоочу кыргыз паспортум жок жана болгон дагы эмес. Бул окуя Назарбаевдин режиминен элди алаксытуу үчүн ойлонуп чыгарылган. Себеби "жасалма паспорт берген" деп менин жубайым Алма Аблязованы күнөөлөшүп, бирок эч кандай далилдерди таппай коюшкан",- деген. Көп өтпөй Мамлекеттик каттоо кызматы атайын текшерүү жүргүзүп, Аламүдүн райондук паспорт берүү бөлүмүнүн башкы адисинен жасалма мөөр табышкан. Ал кызматкер М.Аблязовго башка ат менен паспорт берүү кылмышы боюнча айыпталып иштен алынган болчу. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: