Лионель Месси алтынчы ирет "Алтын бутса" сыйлыгын жеңип алды
Европа өлкөлөрүнүн футбол боюнча чемпиондуктары жыйынтыкталып, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси бомбардирлердин сап башына чыкты. 34 оюнда 36 гол жараткан Месси 2019-жылдагы "Алтын бутса" сыйлыгын жеңип алды.
Аталган сыйлык 1968-жылдан бери УЕФАнын курамына кирген өлкө чемпиондуктарында эң көп гол жараткан оюнчуга тапшырылып келет. Бул жылкы сыйлык Лионель Месси үчүн алтынчысы болду. Буга чейин ал 2010, 2012, 2013, 2017 жана 2018-жылдары "Алтын бутсага" ээ болгон.
2-орунду 33 голу менен ПСЖ клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ээлесе, 3-орунду 26 гол жараткан "Сампдориянын" оюнчусу Фабио Квальярелла алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

1.Месси 12гол
2.Кейн 5гол
3.Мане 4гол
4.Салах 4гол
5.Фирмино 4гол
6.Сон 4гол
Мен атайын Мессиден кийин финалда ойной турган игрокторду жаздым.100% гарантия финалда да эч кимиси жетпейт !!!