super.kg logo

Милиция КСДПнын мүчөсүнүн окуясын иликтеп бүтүп, кенен маалымат берди

 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана партиянын жаштар демилгелери боюнча комитетинин төрагасы Эрмек Окенов ага карата чагымчылдык аракеттер болуп жатканын айткан. Бишкек ШИИББи аталган маалымат тастыкталбаганын маалымдады.

"Эрмек Океновдун жубайы Т.Турсуналиеванын айтымында, 11-майда эки бейтааныш аял үйүнө чейин келген. Алардын бири Эрмек Окенов анын кызын зордуктоого аракет кылганын айткан. Турсуналиева жолдошу жок экенин айтканда, бейтааныш аялдар арыз жазарын айтып кетип калышкан. Эртеси күнү белгисиз 3 жаран келген. Алардын бири жарандык форма менен, экөөсү камуфляж кийип, колдоруна автомат кармап алышкан. Келгендердин бири өзүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Эльдар Мукашев деп тааныштырып, кагаздарды көрсөткөн. Турсуналиева куралчан адамдарды көргөндө өзүн жоготуп, документтер менен тааныша алган эмес. Белгисиз адамдар Эрмек Океновдун Октябрь РИИБине келишин талап кылып, телефон номерин алып кетишкен.

Ошондой эле Эрмек Океновдун жубайы өздөрүн милиция кызматкеримин деп тааныштыргандар мамлекеттик номердеги унаа менен келгенин, унаада атайын белги (мигалка) болгонун билдирген. Бирок ал унаанын номерин эстеп калбаганын кошумчалаган. Жерине милиция кызматкерлери барганда Турсуналиева арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми бул окуя боюнча Эрмек Окенов арыз жазып, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Окуяга күбө катары кошуналары сурак берип, алар Океновдун үйүнүн жанынан эч кандай форма кийген адамдарды, алтургай атайын белгиси бар унааны көрбөгөндөрүн айтышкан. Көчөгө коюлган видеобайкоолордон дагы атайын кызматтагы унаалар көрүнгөн эмес. Ал эми өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган Эльдар Мукашев Бишкек шаарындагы ички иштер бөлүмдөрүндө иштебейт", - деп жазылат маалыматта.

"Сотко чейинки өндүрүштүк иште Т.Турсуналиеванын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү текшерилген. Анда 7-майдан 15-майга чейинки чалуулар каралып, Турсуналиевага жолдошу жана туугандарынан башка эч ким чалбаганы аныкталган. Мындан улам Эрмек Океновдун жубайынын көрсөтмөсү аныкталган эмес. Учурда Турсуналиева амбулатордук дарылануудан өтүп жаткан кагазын көрсөтүп, суракка келе албай турганын билдирген", - деди маалымат кызматы.

Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүк иш токтотулду.

13-майда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана партиянын жаштар демилгелери боюнча комитетинин төрагасы Эрмек Окенов ага карата чагымчылдык аракеттери болуп жатканын айткан. "Мен Ысык-Көл облусунда жүргөндө эртең менен Ак-Ордо конушундагы үйүмө милиция кызматкерлери автомат көтөрүп кирип келишти. Үйдө аялым жана кызым бар болчу. Аялыма быйыл 3 операция жасалган. Ал да, кызым да абдан катуу коркуп, моралдык зыян тартышты", - деген Окенов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: