super.kg logo

Жалал-Абадда 85 миң сомдук зер буюмдарды жана акча каражатын уурдаганга шектүү жаран кармалды

 

Жалал-Абадда 85 миң сомдук зер буюмдарды жана акча каражатын уурдаганга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү Жалал-Абад шаарынын 2 тургуну арыз менен кайрылып, үйүнө кирген ууру акча каражатын жана зер буюмдарын уурдап кеткендигин айтышкан.

"Р.Н. аттуу тургун Жалал-Абад шаарындагы Кошевой көчөсүндө жайгашкан турак үйүнөн 12 миң сом акча жана 59 миң 500 сомдук алтын буюмдарын, ал эми Р.Д. аттуу тургун Орозбеков көчөсүндөгү үйүнөн 13 миң 500 сомдук алтын буюмдарын уурдатканын айтып арыз менен кайрылган. Аталган факт ошол эле күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

20-май күнү Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Улан Өмүрзаков баш болгон топтун ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу уурулук иштери үчүн соттолгон Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы М.А. кармалып, жанынан кылмыш ишине тиешелүү болгон далил буюмдар алынды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: