super.kg logo

Башкы прокуратура КСДПны кайра каттоо фактысы боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди

 

КСДПны кайра каттоо фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт бирдиктүү реестрге 7-майда катталган. Тергөө ишин УКМК жүргүзөт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасын, маалыматтарын өзгөрткөнү үчүн Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратурага 18-апрель күнү жөнөткөн.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Буга чейин маалымдалгандай, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.

Буга нааразы болгон КСДПнын, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция өткөрүшкөн. "Адилетсиз министрлик" деп аталган акциянын жүрүшүндө партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү мекеменин ичине кирип, министр менен жолугушкан. Андан кийин алар партиянын маалыматын кайра өзгөртүү үчүн бардык керектүү документтерди тапшыра тургандыгын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: