super.kg logo

Эртең президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Мира Карыбаевага козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат

 

Эртең, 28-майда президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Буга чейин Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкканын билдирген.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:

  1. Премьер-министр Сапар Исаков;
  2. Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
  3. Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
  4. Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
  5. Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
  6. "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.

Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан. "Курулушту ишке ашырган уюмдар же тендер өткөрүүдө айрым мекемелер тарабынан жасалган кандайдыр бир бузуулардын болгонун жокко чыгарбай туруп айтканда, булар өлкөгө керектүү чечимдер болгон. Мен дайыма өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ак иштегем", - деген Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.05.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жээнбеков куугунтукту токтот.
28.05.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sinej,Күнөөсү болсо жазага алсын. Бул жерде эч кандай куугунтук жок.
28.05.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мира Карабаев деген аял дагы Атамбаев менен чогуу иштешип арты таза эмес тезинен мыйзам алдында жооп бериши керек.
28.05.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыбаев дал ошол тарых музейине алынып келинген баасы асман чапчыган эмеректерди суйлошууго Италияга барыптыр. Бул далилденген. Эми ак карга боло бербесин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: