super.kg logo

"Ты супер!" долбоорунун финалчылары белекке батир алышты

 

Орусиянын НТВ телеканалы уюштурган "Ты супер!" долбоорунун финалчылары батирлүү болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар орусиялык журналист, медиаменеджер Маргарита Симоньяндын социалдык тармактагы билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, быйыл "Ты супердин!" 3-сезону жыйынтыкталып, анда долбоордун финалчыларына орусиялык жеке ишкер Михаил Гуцериев батир белек кыларын убадалады. Ал финалчылардын ар бирине батир сатып берерин, алар кайсы шаарда жашап келген болсо ошол аймактан алып берерин билдирген.

"Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн "Ты супер!" долбоорунун финалына чыккан 12 бала үчүн күтүүсүз белек болду. 12 финалчы батирлүү болушту. Мындай белекти жеке ишкер Михаил Гуцериев жасады", - деген Маргарита Симоньян.

Орусиядагы НТВ телеканалы "Ты супер!" аттуу балдардын эл аралык вокал сынагын баштаган. Сынакка Орусия, Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетиядагы балдар үйүнүн, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана 7 жаштан 18 жашка чейинки бакма балдар катыша алышат.

2017-жылы аталган эл аралык сынакка мекендешибиз Урмат Мырсаканов да катышкан.






"Ты супер!" долбоорунун финалчыларына батир белек кылган жеке ишкер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.05.2019. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы жанылык!
29.05.2019. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушундай... Боорукер адамдар бар экени кубандырат! Алар улут, дин, тилге бөлүнүшпөйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: