Менчик бала бакчаларга ата-энелер төлөчү акчанын жарымын мамлекет төлөй баштайт (тизме)
2019-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор ишке ашырылып баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону кеңейтүү максатында мамлекет менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзү төлөөгө даяр.
Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:
- көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп бала);
- аз камсыз болгон үй-бүлө;
- баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем;
- ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып;
- ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.
Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер төмөнкү документтерди Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот.
- долбоорго катышуу үчүн арыз;
- ата-эненин (алардын ордундагы адамдар) паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
- баланын медициналык маалым каты.
Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кошумча документ:
- үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кошумча документ:
- Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кирешелер тууралуу маалым кат.
Баккан адамынан айрылгандар үчүн кошумча документ:
- үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат.
- атанын/эненин иштеген жеринен акыркы 6 айда тапкан кирешелер тууралуу маалым кат же Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кирешелер тууралуу маалым кат.
Эгер ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып болсо, кошумча документ:
- майыптыгын аныктоочу медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу.
Ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер болсо, кошумча документ:
- ата-эненин иштеген жеринен акыркы 6 айда тапкан кирешелер тууралуу маалым кат (мындай маалым кат жарым жыл сайын берилип турат).
Эгер менчик бала бакчага барчу бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, кошумча документ:
- Республикалык психологиялык-педагогикалык кеңештин корутундусу. (Бишкек шаары, Кулатов көчөсү, 37. Мектеп-интернаттын имараты).





Азыр 5000 сом болсо..3-4жылдан соң 10000 сомго көтөрсө..аны ким тескейт?
Коррупция схемалар биринчи күрөшүү керек.