Кыргыз курама командасынын футболчусу Эдгар Бернхардт малайзиялык клубга өттү
Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт малайзиялык клубга өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Польшанын "Тыхы" командасында ойноп келген Бернхардт мындан ары карьерасын Малайзиянын Жогорку Лигасындагы "Кедах" клубунда улантат. Келишим 2019-жылдын аягына чейин түзүлүп, футболчу 60-номерде ойнойт.
"Кедах" клубу өлкө чемпиондугунда 15-турдун жыйынтыгы менен 3-орунда келе жатат.
Буга чейин малайзиялык ПКНС клубуна дагы бир кыргыз футболчусу Тамирлан Козубаев өткөн. ПКНС учурда 7-орунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.