super.kg logo

Бакыт Бакетаев: “КСДП Раим “Миллион” тууралуу эмне үчүн 2011-жылы үн каткан эмес?”

 

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев 25-май күнү жарыялаган КСДП партиясынын билдирүүсүнө карата өз пикирин билдирди. Анын айтымында, КСДП партиясынын Раим “Миллион” тууралуу билдирүүсүнөн кийин эл арасында төмөндөгүдөй суроо жараткан пикир жүрүүдө.

“Эмне үчүн бул билдирүү бизде Раим “Миллион” деген ысым пайда болгон 2011-жылы эле жарыяланган эмес? Анда миллиондор кантип пайда болгонун ошол жылдары эле текшериш керек болчу. Мисалы, Салымбеков миллиондорун кантип тапканын эл билет, ошол себептен эч кимдин ага доосу жок.

Азыр Кыргыз өлкөсүндө миллионерлер абдан көп. Алардын баарын камоого мүмкүн эмес. Ошол себептен амнистия жүргүзүү керек. Раим “Миллион” Ош облусунун тургундары үчүн көп иш жасады: көпүрөлөрдү, спорт залдарды курду, жолдорду оңдоду, көптөгөн спорттук мелдештерди өткөрүп келет жана башка. Ушул себептен ал тууралуу эл арасында жакшы пикирлер да айтылып келет. Мындай иш-чараларды башка миллионерлер деле аткарып жатышат.
Бирок эч кандай эл үчүн иш-чараларды өткөрбөгөн, баарын өз чөнтөгүнө жана туугандарына жумшаган, балдарга жана калкка бекер эч нерсе түзүп бербеген миллионерлер да бар. Мына ушундай миллионерлерге карата текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл”, - дейт Бакыт Бакетаев.

Андан ары пикирин улаган саясий серепчи учурдагы сот системинин жардамы менен таза жана айкын иликтөө жүргүзүү мүмкүн эместигин айтат.

“Ошондуктан биздин миллионерлер жардамга муктаж кыргызстандыктарга кантип жардам берүү керек дегендин үстүнөн ойлонуулары зарыл жана соттор алдыңкы иликтөөлөрүндө муну эске алышы керек. Биздин өлкөдө миллиондорду жашыруу мындан ары мүмкүн эмес”, - дейт Бакыт Бакетаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
28.05.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул не деген ой? Акылдуу сымал суйлоп койгону
28.05.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай серепчилер күйгүздү. Серепчи эмес эле ... ХХХХ булар. Чөнтөгүнө ХХХХ салгандарды мактайт да турат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-28 12:45:56
28.05.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ жүмбалак чач Бакетаев, ушу сеники өттү да, күн карама да уяла турган болду сенин жаныңда. Болду да эми, ишини кылып, тишиңи чукубайсыңбы. Бул не деген талдоо, өзүң түшүндүңбү, өзүңүн ой жүгүртүүңө деги
28.05.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакетаев Раимдин куйругуна жабышкан экен. Атамбаев президент болуп турганда Атамбаевтин ар бир ишин баалап турчу эле. Эми минтип убагы келип Раимди суйуп калганын жашырбай жатат. Ал бетте кедей бироо болсо Бакетаев башкача болмок. Кантсе да Раимге окшогон уурулар кенен эле Жээнбековко кошомат кылып жан сактап журушот.
29.05.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12,
Кедейлерди барктаган бироо барбы. Жэ жалан эле таможниктерге кошомат кылып журо беришеби.
28.05.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанагы Абрахманов деген Жээнбековтун жалданма сотторуна таянып АШАны болушунча шыбап жатат.
28.05.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар президенттен баштап чекеден сатып алып койушкан деп ойлой баштадым. Кыскасы эрте Премьер министр болсо деле не удивляйтесь
28.05.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Райым Матраимов кимдики?

Атамбаевдин убагында:

2010–2013 — Мамлекеттик Бажы кызматынын Ош башкармалыгынын жетекчиси;

2013–2015 — Мамлекеттик Бажы кызматынын түштүк боюнча жетекчиси;

2015–2017 — Бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда:

2017-жылы, 23-ноябрда Райым Матраимов кызматтан алынды, 2017-жыл, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришти.

29.05.2019. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bazar,бул көшөгөнүн бери жагы. Ары жагычы?
29.05.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Саясий серепчи" дегендер заманбап дежур чалдар. Ким бийликке келсе ошонун сөзүн сүйлөй беришет. Эркин көз карашта эмес. Бул кишиге окшогон серепчилер 2011-жылдан бери КСДП менен Атамбаевдин сөзүн сүйлөп жүрүшкөн.
29.05.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев Райымдын түбүнө жетти. Алты жыл бажыга жетекчи кылып койду эмне өзгөрдү. Атамбаевчилер бийлик башкаруу убагында баарын пайдаланып калышты.
29.05.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бети жок Бакыт байке, 6 жыл Атамбаевди мактап, орден медаль алып шарманда. Намысын кайда эми жок дегенде 6 жыл суйлобочу. Дары болсун сакайып кет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: