super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевди сунуштады

 

Эркинбек ЧодуевӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда комитет жыйынында айтты.

Ал эми буга чейин "Бир бол" партиясы сунуштаган, жаш талапкер Тилек Токтогазиевди министрликке күнөскана иштери боюнча адис катары ишке тартуу ою бар экенин кошумчалады. Депутат Алтынбек Сулайманов анын тажрыйбасы жок экенин, бирок өкмөттүн курамына жаш кадрларды тартуу зарылчылыгы турганын айткан. Өкмөт башчы эл өкүлүнүн бул оюна макул экенин билдирип, бирок жаш болгондугу үчүн эле мамлекеттик чоң кызматтарга дайындоо туура болбой каларын белгиледи.

Эркинбек Чодуев 2014-жылдан тартып Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп иштеп келет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 24-майда отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: