super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Дастан Догоевдин кылмыш ишке тиешеси жок, ал күбө катары суракка чакырылган"

 

"Дастан Догоевдин кылмыш ишке тиешеси жок, ал күбө катары суракка чакырылган" деп бүгүн, 28-майда комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Депутат Исхак Масалиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан Дастан Догоев тууралуу премьер-министрге суроо узатты.

"Дастан Догоевдин 3 же 4 жыл гана мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбасы бар экен, ушундай чоң кызматка дайындоо туурабы? Буга чейин адистерди дайындап, бирок андан жыйынтык чыккан жок. Сиз өзүңүз өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедиңиз. Башында "сиз каалаган кишини сунуштайсыз, каалаганыңызды коёсуз" деп айткам. Сизде команда болобу же фракция сунуштаган адамдар дайындала береби?" - деди депутат.

“Фракциялардын сунушу болгон жок, кеңештери болду. Дастан Догоев жеке өзүмдүн тандоом" деди Абылгазиев.

"Буга чейин Догоев суракка алынып, текшерилет деп айтылган. Кийин уят болуп калбайсызбы?" деп суроо узатты Масалиев.

Буга Абылгазиев “1-2 факт боюнча суракка чакырылган, бирок анын кылмыш ишке тиешеси жок” деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: