super.kg logo

О! Мобилдик оператору активдүү түрдө 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүдө

 

О! Мобилдик оператору туристтик сезондун ачылышына карата 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун активдүү түрдө кеңейтип жатат. Кайсы гана турист болбосун, анын маршруту Бишкектен башталат эмеспи, ошондуктан кеңейтүү жумуштарынын эң чоң бөлүгү баш калаа менен Чүй облусуна туура келди. Бирок О! операторунун техникалык адистеринин командасы негизги жумуштары Ысык-Көл облусунун аймагына топтолду.

* Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант, Кемин шаарларында, «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасында, ошондой эле Ивановка, Новопокровка, Ивановка, Дача-Су, Жал айылдарында. Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы Чоң-Жар, Кашка-Суу, Байтик, Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарына жакын жайгашкан дачалардын аймактарында О! түйүнүнүн камтуусунун жакшы экендигин баса белгилесе болот. Мындан тышкары, Чоң Кемин өрөөнүндө узундугу 20 километр болгон 4G LTE түйүнүнүн туруктуу камтуусу уюштурулган;

* Ысык-Көл облусу: Чолпон-Ата, Шопоков, Каракол шаарларында, Ак-Суу шаарчасында, ошондой эле Кутургу, Ой-Булак, Тамга, Кичи-Жаргылчак, Бостери, Ананьево, Сары-Ой, Булан-Соготту (мурунку Комсомол) айылдарында;

* Жалал-Абад облусу: Токтогул, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында, ошондой эле Ак-Там, Жапа-Салды, Көтөрмө, Кудук-Сай, Орто-Азия, Гумхана, Кара-Күңгөй, Арпа-Тектир, Толук, Ноот, Сафед-Булон, Базар-Коргон, Дмитриевка, Таран-Базар айылдарында;

* Ош облусу: Ош, Кара-Суу шаарларында жана Жаңы-Базар, Кара-Кулжа, Бел, Гюльстан, Кызыл-Тейит, ВЛКСМ айылдарында;

* Баткен облусу: Исфана шаарында, ошондой эле Кольцо, Бужум, Чоң-Талаа, Интернациональное айылдарында.

"О! түйүнү эң заманбап жабдууларда иштейт. Биз абоненттерибиздин санынын тынымсыз өсүүсүнө карабастан, кардарларыбыздын сапаттуу жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуусу үчүн дайыма аракеттебиз", – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору О! Антон Коваленко.

О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн жалпы өсүү темпин сандык көрсөткүчтөр тастыктайт – 2019-жылдын I кварталында эле 4G базалык станцияларынын жалпы саны Кыргызстандын калкынын 94 пайызынан ашуун тургундары жашаган аймакта О! операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясы жеткиликтүү болгон деңгээлге өстү.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! түйүнүнүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
28.05.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироок ылдамдыкта жылыш жок Токтогул району Чолпон Ата айыл өкмөтүнүн Актектир айылда 4G бар ылдамдык жок жана жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: